БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанында кыйраган Boeing 747 учагынын экипажындагы төртүнчү мүчөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Буга чейин Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун директору Эрнис Акунов төртүнчү учкуч табыла электигин билдирген.
Эске салсак, кечээ күнү Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен кыркка чукул киши каза болуп, 23 үй бузулган.