БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кытайдын борбору Пекин шаарында 2017-жылы абанын булганышына таасирин тийгизген 300 миң автоунаа жок кылынат. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Өткөн жылы да ушундай тартиптин негизинде унаалардын саны 340 миңге кыскартылганы айтылат.
Ал эми шаар мэри Цай Ци ушул жылы айлана-чөйрөгө зыян келтирген 500 ишкана жабылып, 2,6 миң мекеме экологиялык стандартка ылайыкталып жаңыртыларын айткан.
Мындан сырткары жаратылышты коргоо полициясы түзүлүп, ал кызмат айлана-чөйрө коргоо боюнча иш алып барып, жаратылыш койнунда мыйзамсыз эс алууну уюштуруп, мыйзамсыз иштерди жасагандарды көзөмөлгө алат.
Маалыматта эгер буга азыр чара көрүлбөсө, адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип өпкө, жүрөк ооруларына алып келери айтылган.