Менин колонкам үчүн кызыктуу тема табыш үчүн Канттан Бишкекти көздөй келе жатканда кулактагы наушникти чечип коюу жетиштүү. Бир күнү маршруттук таксинин айдоочусу менен сүйлөшө кеттим эле, ал ооз ачырган окуяларды айтып берди. Анын кебин сиздер менен бөлүшүүнү чечтим.
Бир күнү жүргүнчү жигит капчыгын жоготуп алыптыр. Аны таап алган башка жүргүнчү мага берип кеткен. 15 мүнөттөн кийин маршруттук каттамдын акыркы аялдамасына капчыктын ээси жетип келди. Купкуу болуп ыйлайын деп калыптыр. Көрсө, ал 40 миң сом карызын төлөгөнү кетип бараткан жеринен жоготкон экен. Капчыгын кайтарып бергенимде кубанганынан эмне кыларын билбей калды. Акча сунат… араң кетиргем.
Жакында эле дагы бир окуяга туш болдум. Акыркы аялдамада тургам. Унаага эл толгондон кийин ордумдан жылайын деп жатсам, бир кыз чуркап келди. Ал кайсы бир маршруттук таксиге сумкасын унутуп кетиптир.
Ал кыз менен кошо бардык унааларды карап, сумканы издеп таппай койдук. Менин унаамда отурган жүргүнчүлөргө келип "сумка көргөн жоксуңарбы" десем бардыгы баштарын чайкап коюшту. Бир маалда кичинекей кыз апасы экөө сумка таап алышканын айтып бирок апасы "эч кимге айтпа" деп буйрук бергенин айтып салды. Келинди калтырак басып кызын чымчый баштады. Мен анын жанына барып сумканы көрөр замат колунан жулуп алдым дагы, тиги кетип калган кыздын артынан чуркап жөнөдүм.
Ал кыз дагы мага сүйүнчү сунуштады. Бирок мага башка бирөөнүн акчасы керек эмес. Жүргүнчүлөрдөн өздөрүнө сак болушун суранат элем.