Балдар ишеним телефонуна жыл башынан бери 656 чалуу болгон

Жазылуу
Ишеним телефонуна чалгандардын басымдуу бөлүгү жардам сурап жана үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча кайрылгандар.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ушул жылдын 11 айы ичинде балдардын "111" ишеним телефонуна 656 кайрылуу болсо, алардын 81 пайызы — ата-энелер. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефону борборунун директору Марина Жапаркулова билдирди. 

Анын айтымында, ишеним телефонуна кайрылгандардын 21 пайызын балдар түзсө, 81 пайызын ата-энелер аткарган. 

"Ишеним телефонуна 11 айда 656 чалуу болгон. Балдар 124 жолу чалса, ата-энелер 532 жолу кайрылган. Анда телефон аркылуу 443 адамга кеп-кеңеш берилген. Ал эми 213 чалуу боюнча аймактык бөлүмдөргө билдирүү жиберилген. Чалгандардын басымдуу бөлүгү түрдүү жардам сурап жана үй-бүлөдөгү чыр-чатак боюнча кайрылгандар", —деди Жапаркулова.

Андан сырткары, мектептеги рекетчилик, мугалимдердин начар мамилеси жана өгөй ата-энелери менен болгон түшүнбөстүктөр боюнча чалуулар дагы катталган. 

Ошондой эле өлкө аймактарына салыштырмалуу Чүй, Ош облустары менен Бишкек шаарынан кайрылуулар көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0