БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. JetBlue авиакомпаниясынын жүргүнчүсү АКШнын жаңы шайланган президентинин кызы Иванка Трампка асылып, балдардын көзүнчө урушуп кирген. Бул тууралуу РИА Новости New York Post гезитине шилтеме берип жазган.
Жемеге туш болгон Иванка Трамп корккон балдарын сооротууга аракет кылган. Жүргүнчү Иванка менен чогуу бир учакта уча турганына нааразы болгон.
"Сенин атаң өлкөнү башкарат. Эмнеге сен өзүңдүн жеке менчик учагыңда учпай бул жакта жүрөсүң?" — деп кыйкырган жүргүнчү.
Маалыматтар боюнча учактын кызматкерлери кыжырланган кишини борттогу эрежени бузганы үчүн учактан түшүрүп коюшкан.