Бирөө кызын турмушка узатып жатканын уксак, дароо эле "калыңы канча болуптур?" деп сурамай жайыбыз бар. Калыңдын негизги максаты эмнеде, эмне үчүн Таласта кыздын калыңы жогору бааланат жана чет өлкөдөгү этникалык кыргыздар калыңды кандай беришет деген суроолорго журналист Эламан Карымшаков жооп издеп көрдү.
Калың кайдан келген түшүнүк?
Профессор, этнограф Октябрь Капалбаев калың берүү каадасы тууралуу мындайча айтып берди.
— Калың кыздын ата-энесине болгон сый-урматтын ченеми катары берилет. Кызын "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай" эрезеге жеткирген, атанын эмгегин, эненин сүтүн баалаган ыраазычылыгы. Элибиз мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен калыңга тогуздап мал беришкен.
Калың Кыргызстандан сырткары башка боордоштордо
Түркия, Кытай жана Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздарда калың берүү каадасы кандай болоруна да кызыгып көрдүк.
Ат-башылык кыргыз кызы Гүлзат Жумакова, кытайлык кыргыздарга келин болгон. Ал кайын журтунда кыздарды өзгөчө баалап, калыңы бир топ эле кымбат турарын айтып берди.
"Бириккин кыргыз" этникалык кайрылман кыргыздар коомунун жетекчиси Барно Эшаматова Өзбекстандагы кыргыздар калыңы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
— Өзбекстандагы кыргыз жаштары көбүнчө ата-эненин макулдашуусу менен баш кошот. Бизде бешик куда болгон учурлар көп кездешет. Менин да инилерим менен эже-сиңдилеримди бала чагында эле кудалап коюп турмуш курушкан. Учурда кыз калыңына орто эсеп менен 30 миң сомдон кем эмес акча, 3-5 кой жана базардын алды болуп турган музоолуу уй берилет. Эгер музоосу жок же арык уй берилсе "кызыбыз начар жерге баратыптыр" деп болжошкон. Мындан сырткары, келинге баланын ата-энеси баштан-аяк 2-3 сыйра кийим алып бериши керек. Ал эми себине 12 жуптан кем эмес, жууркан, жаздык жана үй-тиричилигине керектелүүчү буюмдар, ийне-жипке чейин берилет. Колунда барлары эмерек, тиричилик техникаларын да кошуп берет. Ошондой эле күйөө балага да сөзсүз түрдө баштан-аяк кийим кийгизилет. Белгилей кетчү нерсе, бизде ажырашууну өтө уяттуу көрүнүш катары кабылдап, андай жолго баруудан намыстанып жашашат.
4000 кыргыз жашаган Түркиянын Ван аймагында туулуп-өскөн Атилла Гүвен ал жакта калың берүү токтотулуп, сүт акы гана берилип калганын айтты.
Кыргызстандын жети дубанында кызга берилүүчү калың сурамжылоонун негизинде орто эсеп менен төмөндөгүдөй болорун аныктадык.
- Нарын — баш атынан тышкары 100-130 миң сом;
- Чүй — 80-100 миң сом;
- Ош, Жалал-Абад — 100-130 миң сом;
- Баткен — 90-100 миң сом;
- Ысык-Көл — 70-100 миң сом;
- Талас — 160-180 миң сом;