БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкек шаарына атайын жолугушуу үчүн келген жигитти тоноого шектелген кыз кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, ички иштер органдарына Чүй облусунун Люксембург айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Айтымында, ал интернеттен кыз менен таанышып, жолугушууну пландашкан. Экөө жолугуп тарашкандан кийин жигит 1300 доллары менен 2000 юаны жоголгонун билген.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы бул ишке шектүү катары Москва районунун 21 жаштагы тургунун кармаган.
Учурда ал Ленин РИИБине алып келинип, алгачкы материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.