БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Элвира Сариева президенттин аппаратындагы социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Эске салсак, Сариева буга чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп турган. Ал үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында министрликтен өз каалоосу менен кеткен.