БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Австралиянын улуттук имамдар кеңеши ислам баалуулуктарын жайылта турган белгилүү мультсериал "Чочко Пеппа" сыяктуу балдар үчүн ТВ-шоуга акча чогултула баштаганын билдирди. Бул тууралуу ВВС телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.
Жаңы шоу Barakah Hills деп аталып уюштуруучулар аны "халал мультсериал" деп мүнөздөшүүдө. Аны ишке ашырууга 20 миллион доллар чогултуу пландалууда.
"Замандын талабы менен балдар телевизордон ар түрдүү мультфильмдерди көрүү менен алек. Мындан улам биздин максат балдарга мультфильм көрүүгө тоскоол болбой, аларга башка варианттарды сунуштоо", — деди Австралиянын улуттук имамдар кеңешинин башчысы Субхи Аль-Шаик.
Имам "Чочко Пеппаны" өзү да берилип көрөөрүн айтып, бирок ал мультфильмде сөгүнгөн жерлер бар экенин кошумчалады. Андыктан балдарга туура тарбия берүү максатында башка вариант ойлонуп чыгарылганын айтты.
ЖМКлардын маалыматтары боюнча "Чочко Пеппа" дүйнөдөгү эң белгилүү мультсериалдын бири. Ал дүйнөнүн 180 өлкөсүндө көрсөтүлөт.