Кыргызстандык бийчилер 38 жуптун ичинен мыкты аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный флаг Кыргызской Республики
Национальный флаг Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык бийчилердин бирөө алтын алса, калгандары күмүш байге алышты.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи жуптар Россияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга татыганын КР Бий спорту боюнча федерациясы билдирди.

"Европа – Азия" кубогу деп аталган турнир Екатеринбург шаарында өткөн. 

© Фото / персс-служба Федерации танцевального спорта КРРоссияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга татыганын КР бийчилери
Турнир кубок Европа — Азия в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Россияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга татыганын КР бийчилери

D классына чейинки "Юниоры-1" Латина" категориясында Алишер Сейдалиев менен Айбийке Нурланова 38 жуптун ичинен мыкты аталып, алтын байге алышты.

Балажан республикалык эстетикалык балдар борборунун тарбиялануучулары Делиде өткөн искусствонун эл аралык фестивалында - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаш таланттар Нью-Делиде комузда кол ойнотту
Ошондой эле "RS чоңдор" + "Жаштар", "Латина", "Ачык класс" категорияларында Фарух Мамаджанов менен Надежда Бурау 53 жуптун ичинен экинчи болгон.

Ал эми "Балдар-2, Латина, Е класс" категориясында Дмитрий Блинков менен Асал Мамбетова күмүш байгеге татыды.

Бул мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Сербия, Италия, Румыния жана Россиядан 1991 жуп катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0