Эртең Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык университтеттин суудан чагылышы. Архив
Эл аралык университтеттин суудан чагылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 9-декабрда Нарын облусунан башка аймактарда аба ырайы нөлдөн жогору болорун Кыргызгидромет билдирди. 

Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Декабрдагы жамгыр: көлчүктө калган Ак үй менен "Ала-Тоо" аянты
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй жана Талас өрөөнүндө 4 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 8 градуска чейин жылуу, Ысык-Көлдө 5 грудас жылуу болсо, Нарында 8 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0