БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Таза суу" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2017-жылы республикалык бюджеттен 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 30-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
Ал билдиргендей, быйыл калкты таза суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми кийинки жылга бул сумма эки эсеге көбөйтүлдү.