Коомдук транспортту жакшыртуу максатындагы бул техникалар кредиттик макулдашуунун алкагында сатып алынган.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы коомдук транспорттун кыймылын жакшыртуу үчүн отуз жаңы автобус алып келинди. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Автобустар "Ош калаасынын коомдук транспортун жакшыртуу" долбоорунун алкагында кредиттик макулдашуу менен сатып алынган.
Автобустар "Ош калаасынын коомдук транспортун жакшыртуу" долбоорунун алкагында кредиттик макулдашуу менен сатып алынган.
Жаңы автоунаалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, ичинде көзөмөл камералары орнотулган. Андан сырткары GPS-навигаторлору менен WI-FI модулдары орнотулган.
Мэриядан жаңы автобустар элди декабрдын соңунан тарта тейлей тургандыгын кошумчалашты.