Бишкек — Ош жолунда май ташуучу унаадан 10 тонна керосин төгүлүп, жол жабылды

Жазылуу
Кырсыктан жабыркагандар катталган жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 25-ноя.— Sputnik. Бишкек — Ош жолунда май ташуучу унаадан 10 тонна керосин төгүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 25-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун 120-чакырымында (Жайыл районунун аймагында) болгон.

"10 тонна керосин жолго төгүлүп, каттам токтотулган", — деп жазылат маалыматта.

ӨКМ кырсыктан жабыркагандар жоктугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0