00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
Клубника на миллиард, обещания мэрии и изменчивая погода – самые эмоциональные события недели
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Последний роман Габриэля Гарсиа Маркеса «Увидимся в августе»
18:12
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 06:00
06:00
4 мин
Утро хорошего дня
Фестиваль с сердцем – как Национальное общество Красного Полумесяца помогает детям с инвалидностью, популяризируя спорт и благотворительность
06:04
33 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как работает единственный зоопарк Кыргызстана – беседа с директором Каракольского зоопарка
08:04
44 мин
08:49
7 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как актерам и режиссерам помогают театральные критики?
12:04
35 мин
12:54
6 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как разделить имущество по брачному договору — советы юриста
14:04
43 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Новые возможности госипотеки: на каких условиях кыргызстанцы смогут покупать жилье
16:05
52 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как мотивировать предпринимателей быть добросовестными?
18:06
49 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
Видео с нарушениями водителей теперь можно отправить в мессенджер ГУОБДД. Как это будет работать?
20:06
41 мин
On air
20:47
7 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ балдар оюнчуктарынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып барууда
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Геймин" деген Роналду, фен менен кургатылган жылкы

Жазылуу
Арбаңыздар, мекендештер. Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы? Бүгүн күнгө шейшемби.

Ичики-иий, суук болот дешти. Синоптиктер өлкө аймагы боюнча абанын температурасы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда 25 градуска чейин суук болорун айтышты. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, эскертти.

Ала кетем, кайда барасыз? Бишкек шаарында кыш адеп келгенде келгенде транспорт кыймылы кыйындап, эл бери жагы жарым сааттап жол тосуп калган учурлар кадимки көрүнүш. Ал эми жаш балдар менен улгайгандар үчүн бир топ эле машакат. Жакында эле студент кыз Бишкек шаарында жол тоскон адамдарды бекер жеткирип коюуну каалаган айдоочулардын башын бириктирүү үчүн WhatsApp каналында атайын топ түздү. Акылдуу кыз экен, анан да бул демилгени руль башкаргандардын көбү колдоп кетиптир.

Чабандар аман-эсендигин айтып, байланышка чыкты. Аба ырайы демекчи, кар калың жаагандыктан сырткы дүйнө менен байланышсыз калып, дайын-дареги белгисиз болгон чабандар 800 кою менен кошо табылды.

Кар жааганда кооптуулук жараткан дарактар. Акыркы төрт күн ичинде борбор калаада жааган кардан 73 дарак кулап, бир өспүрүм жабыркады. Мэрия бул боюнча олуттуу ойлонуп, ишти колго албаса, шаардыктар эми кар жааган сайын алаңдап, бактын алдына машинесин коймок түгүл, баса албай калышат өңдөнөт. 

Күч атасын тааныбайт! Кыргызстандык жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт жүк ташуучу унааны тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү

Көз боочу кыргыз бала Жанат Абдыкадыров. Кыпкыргызча фокус. Кадимкидей эле. Кызык болсо төмөнкү видеого көз салыңыз.

Кандай гана сонун адамдар! Ноокатта жумушчулар кудукка түшүп кеткен жылкыны трактор менен тартып чыгарып, аны үйлөрүнөн фен алып келип кургатып, эми ээсин издеп жатат. 

Роналду чачын тик тургузган кыргыз күйөрмандары. Футбол сүйгөн кыргызстандыктардын, өзгөчө "Реал Мадриддин" күйөрмандарынын көбү чачын жулуп жаткан кези. Эх-хх, сен Криштиану Роналду. Өчөшсөң деле, өчөшпөсөң деле унчукпай койбопсун да. Редакциядагы биздин футбол сүйгөн балдардын көбүнүн чачы тик турду… Ошо… 

© REUTERS / Mario AnzuoniТоржественная церемония вручения премии Latin Grammy Awards-2016 в Лас-Вегасе
Торжественная церемония вручения премии Latin Grammy Awards-2016 в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Торжественная церемония вручения премии Latin Grammy Awards-2016 в Лас-Вегасе

Өткөн аптада болгон окуялар сүрөт ирмемдерде. Ырчы Женифер Лопестин өбүшүүсүнөн Бишкектеги аквапаркты чулгаган өрткө чейин

Ааламда. 8,45 миллион долларга канча өмүрдү сактап калса болот? Абу-Дабиде өткөрүлгөн аукциондо эмираттык ишкер "1" унаа номерин 8,45 миллион долларга сатып алды. Да-аа… Ушул акчаларды ааламдагы ач-жылаңач калган балдарга, оорудан улам каражат жок өмүр менен коштошкондорго которсо эмне болот эле десең… 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.09 (сатып алуу) жана 69.24 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Дүйнөнү сулуулук эле эмес, жакшылык да сактап калат.

Күндүн куунак өтүп, жемиштүү болушун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0