БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Калың кардан улам жабылган унаа жолдор ачыла электигин ӨКМ билдирди.
Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 38-чакырымынан баштап 92-чакырымына чейин кар калың жаап, аталган жол жабылган.
Мындан сырткары, Оштогу Мырзаке — Алайкуу унаа жолунун үч жеринде кар күрткү пайда болуп, жол тосулган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, учурда аталган аймактарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Карды күрөө үчүн атайын техникалар тыртылган.