Каракол-Эңилчек унаа жолу катаал аба ырайынан улам жабылды

© Пресс-служба администрации Волго / Медиабанкка өтүүДвижение на трассе Волгоград - Саратов ограничено из-за непогоды
Движение на трассе Волгоград - Саратов ограничено из-за непогоды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жолдо калган жүргүнчүлөр жок, адамдар жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Калың кардан улам Каракол-Эңилчек унаа жолу убакытлуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 38-чакырымынан баштап 92-чакырымына чейин кар калың жаап, аталган жол жабылды.

"№11жол тейлөө ишканасынын жетекчилигинин түшүндүрүсү боюнча кар катуу жаап, бороондун улам жолду тазалоо өтө коопту жана коркунучтуу болууда. Ошол себептен улам аталган участоктордогу жол убактылуу жабылган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда жолдо калган жүргүнчүлөр жок, адамдар жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0