БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кечээ, 17-ноябрда ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү белгиленди. Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнөдө жарыкка маалынан эрте келген ымыркайлардын саны 6-8 пайызды, ал эми Кыргызстанда 4,8 пайызды түзөт. Кош бойлуулуктун 22-аптасында төрөлгөн балдардын салмагы 500дөн 1500 граммга чейин болуп, 49,2 пайызы гана жашап кетет.
Мындай көрүнүшкө аялдардын ден соолугунун начарлашы, экологиянын кирдеши, тамеки чегүү менен ичимдик ичүү себеп болуп келет.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте төрөт үйлөрүн заманбап жабдыктар менен камсыздоо аракетин көрүү менен алек. Себеби атайын аппараттар ара төрөлгөн балдардын жашап кетишин шарттай алат.
Маалынан эрте көз жаруунун себептери
Кээде ара төрөттүн так себебин аныктоо мүмкүн эмес. Дарыгерлер бир нече себебин келтиришет.
Түйүлдүктүн саламаттыгы: бул генетикалык же өрчүү кемтигинен улам болушу мүмкүн. Кээде аялдын организми муну сезип, табигый түрдө мындай жагдай жаратышы да ыктымал. Кош бойлуулуктун өзгөчөлүктөрү, татаалдыгы да ара төрөткө себеп болот, маселен, эненин кан тамырларынын бузулушу. Мындай көрүнүш энени оор акыбалга салат. Көп түйүлдүүлүк, анын туура эмес жайгашышы, жатын суусунун көптүгү же тескерисинче, аздыгы, атургай, айрым учурда резус-конфликт да ара төрөткө алып келет.
"Дем алып жатабы деп тыңшачумун"
ЮНИСЕФтин саламаттык сактоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери Рима Имарова да мөөнөтүнөн эрте көз жарган.
Эл арасында
Ара төрөт илгери согончогу канабастык менен тең көрүнүш болгон. Эгер бул өнөкөткө айланып баратса, улуулар болочок энеге айрым ырым-жырымдарды жасаган. Маселен, көп тууган канчыктын үстүнөн секиртишкен. Үй жаныбарлары арасынан жалгыз ит гана бала салбайт деп эл бул өнөкөт аталган жандыкка өтүп кетерине ишенген.