Бүгүн бул наристе кант диабетинин 1-түрү менен жабыркоодо. Бул эмне деген оору, аны менен кантип жашоо керек жана 1 жаш 7 айлык наристе кайдан жүрүп мындай илдетке чалдыгып калганын төмөнкү материалдан окуңуз.
Милана өзү теңдүү балдарга караганда тили эрте чыгып келе жатат. Балдай таттуу тили менен быдылдап сүйлөп жаткан наристе апасынын инсулин дарысын даярдап жатканын көргөндө чырылдап ыйлай баштайт. Суюктук куюлган ийне далынын ылдый жагына сайылат, бул учурда кызды атасы кармап турат. Милананын ата-энеси менен чоң апасы диабет менен ооругандар жана алардын жакындары үчүн уюштурулган атайын курстардан өтүп, баланын диагнозу менен жашоого үйрөнүүгө, күндүн тартибин, дегеле жашоосун өзгөртүүгө туура келди.
Наристенин энесинин айтымында Милана кадимки балдардай эле тогуз айда, жакшы салмак менен төрөлгөн. Бир жарым жашка чейин наристенин ден соолугунда маселе болгон эмес. Бир жарым жаштан ашкан соң кыздын табарсыгында кызарган так пайда болуп, тынчын алган. Милананы апасы Бишкектеги бейтапканалардын биринде иштеген педиатрга алып келгенде дарыгер кызарган жерди памперске шылтап, сыйпаганга майлуу дары жазып берген. Бирок кыздын памперс кийбей калганына жарым жыл болгон эле. Дары кызарган жерди күчөтүп жибергендиктен баласын көтөргөн эне кайрадан дарыгерге кайрылууга аргасыз болгон. Бул жолу аял наристесинин дайым суусап, суюктукту өтө көп, бир ичкенде жарым литрден иче баштаганын, заара ушатканы да чоң кишиникиндей болуп жатканын айтат. Педиатр кызга тиешелүү анализдерди жазып, кийинки күнү бөйрөгүн УЗИге тарттырып, андан кийин невропатологго жиберген.
Анализдердин бардыгы жакшы чыккандан кийин доктур кандай жардам көрсөтөрүн билбей калган. "Кызым суюктукту көп ичип жатат" деген энеге дарыгер "суюкту көп ичкен жакшы болот", — деп жубатууга аракет кылган. Ал эми суюктукту көп ичүү – бул кант диабетинин бирден бир белгиси экендигин дарыгер өзү билбеген шекилдүү.
Бүгүнкү күндө Милана кант диабетинин 1-түрү менен ооруп келет. Бул — кыздын инсулинден толук көз карандылыгын билгизет. Эне-баланы коргоо борборунун балдар эндокринология бөлүмүнүн дарыгери Нурзат Жунушалиеванын айтымында, Миланага бул илдет тукум кууп келиши мүмкүн. Оорунун активдешүүсүнө вирустук инфекция, оорунун аркасынан пайда болгон стресс себепкер болушу ыктымал. Оору ар кыл куракта пайда болушу мүмкүн. Ошондой болгон күндө да бул ооруга көпчүлүк учурда балдар, улан-кыздар, 40 жаштан ылдыйкы адамдар кабылат. Каны катып чаңкоо, бат-баттан заара ушатуу, арыктоо, тамакты көп жей баштоо же табиттин жоголушу, алсыз болуп, өзүн начар сезүү — ушунун бардыгы эндокринолог дарыгерге кайрылуунун башкы себеби болуп эсептелет. Себеби, ооруну дарылабай койгон учурда бейтап диабетикалык коомага түшүп калышы мүмкүн. Мунун өзү өлүмгө алып барат.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кант диабетин алдын алууга болбойт. Бирок бул ооруга кабылган балдардын жашоосун өзү теңдүү балдардан айырмаланбагыдай кылып калыптандырууга болот. Бул, албетте, абдан оор. Азыр Милана апасынын жанында, ар дайым кароодо, ал эми чоңойгондочу? Мектепке кантип барат, дегенибиз, кызга инсулинди күнүнө төрт жолу сайып туруу керек да. Бизде кант диабети менен жабыркагандар үчүн мектептер жок. Мектептен кант диабетинин 1-түрү менен ооруган балдардын чарчап-чаалыгып, канты көтөрүлүп келген учурлары жок эмес. Себеби, алар мектептен инсулинди сайдырууга шарты жок. Бүгүнкү күндө ийне сайдырбастан эле инсулин менен камсыздап туруучу пейджерден чоң эмес атайын түзүлүш иштелип чыккан. Ал организмге киргизилип, күнү-түнү өз тартибинде инсулин менен камсыздап турат. Бирок баасы да оңой эмес — 4000 доллар. Бул ар бир эле байтаптын капчыгына туура келе бербейт. Кудай жалгап, өлкөдөгү инсулинге муктаж 14 миң бейтап дарыны акысыз алып келет.
Биздин өлкөдө диабет менен ооругандар үчүн мектептер жок болгону менен мектептке чейинки балдардын маселеси чечилген. 2013-жылы Бишкекте "Пчелки" балдар бакчасы ачылган. Аны "Дестство без диабета" коомдук бирикмесинин төрайымы Нурхан Жумабаева уюштуруп, жетекчиликке алган. Бакчада ар түрдүү ийримдер иштейт. Ал жерден балдар мектепке даярдалып, өнүгүшөт. Ошол эле жерден алардын кантын өлчөп, ийнесин сайып берип турушат. Тарбиячы болуп, көпчүлүк учурда оорулуу балдардын апалары эмгектенишет, мындан иштин натыйжалуулугу артып турат. Бул айымдар балдардын көйгөйүн башкалардан жакшы түшүнүшөт. Милананын ата-энеси да аны дал ушул бала бакчага берип, жумушка чыгууга белсенишүүдө.
Учурда акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 50 миңден ашуун адам кант диабети менен жабыркайт. 50 миңдин 1821и диабеттин биринчи түрүнө кабылса, анын 331и — 14 жашка чейинки балдар. Бирок бул расмий маалымат, андыктан чыныгы абал мындан да оор. 11-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынын өкүлү Наталья Добрынинанын катышуусу менен маалымат жыйын өтүп, ал "кант диабети" деген диагноз жылына беш миң адамга коюларын айтты.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2010-жылы Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган 28 миң адам катталса, 2012-жылы 37 миңге өскөн. Ал эми Добрынинанын айтымында, кыргызстандыктардын бул илдетке чалдыкканы арбын, бирок көбү бул жөнүндө биле бербейт.