БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы колдонулган электр энергиясы үчүн убагында акча төлөбөгөн үч миң абонентти жарыксыз калтырды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, жарык 15-ноябрь күнү өчүрүлгөн.
"Бүгүн терминал аркылуу карызын төлөгөн 373 үйгө жарым сааттын ичинде жарык берилди", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана калган жарандар карыздарын төлөмөйүн жарык берилбей турганын эскертет.