БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга заманбап үлгүдөгү эки микробиологиялык экспресс автолабораториялар алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Аталган автолабораториялар Саратовдогу кара тумоого каршы "Микроб" илимий изилдөө институту аркылуу алынып, тиешелүү медициналык техникалар менен жабдылган.
"Микроб" институтунун адистери Каракол, Ат-Башы жана Ош шаардык инфекцияга каршы карантин борборлорунун дарыгерлерин автолабораторияны колдонууга үйрөтүп, тиешелүү семинарларды өтүшүүдө.
Автолабораторияларды өзгөчө кырдаал жараткан учурларда алыскы аймактарда колдонуу пландалууда.