БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Эртең, 11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 13-17 градуска жетет.
Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаап, Баткен, Жалал-Абад аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.