БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү борбор калаадагы "Поле Чудес" жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, андан бир кишинин жабыркаганын ӨКМ билдирди.
Бишкектеги №4 шаардык ооруканадан билдиришкендей жабырлануучунун абалы оор.
"Денеси 100 пайыз күйүп калган. Учурда абалы оор", — деди башкы дарыгер Алмазбек Кубатбеков.
Кырсык Патриса Лумумбы менен Профсоюз көчөсүнүн кесилишинде болгон.