Токтогулда жол кырсыгынан Тажикстандын жараны каза болду

© Фото / Nate Steiner / wheel gripУВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе
УВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып ташты сүзгөн да, эркек киши ошол жерден мерт кеткен.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Токтогулда жол кырсыгы катталып, Тажикстандын 53 жаштагы жараны каза болгонун ӨКМ билдирди.

Машина скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кызматынын унаасы кабылган жол кырсыгы видеого тартылып калган
Маалыматка ылайык, окуя Ош — Бишкек жолунун 731-чакырымында болгон. Мында айдоочу рулду башкара албай, россиялык номер тагылган DAF унаасы жолдон чыгып ташты сүзгөн. Айдоочу ошол жерден мерт кеткен.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар анын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми унаанын ичиндеги маркумдун баласы менен дагы бир жүргүнчү Токтогул райондук ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0