"Кухнянын" сценаристи Василий Куценко: аялым КВНде атаандаш казактар үчүн ойночу

© SputnikСценарист сериала "Кухня" Василий Куценко
Сценарист сериала Кухня Василий Куценко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бир нече муундагы студенттердин жана телекөрүүчүлөрдүн сүйүктүү оюну — Шайырлар жана тапкычтар клубу 55 жылдыгын майрамдап жатат.

Азии MIX командасынын катышуучусу Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора: турмушка "Азия MIX" чемпион болгондон кийин гана чыгам
Биринчи советтик телевизордун үлгүсүнөн ысым алган оюн жарым кылым бою жүздөгөн адамдардын жүрөгүнөн орун таап келет. Кимдир бирөө бир дагы оюнду өткөрбөй көрсө, айрымдар гана өз күчүн "чоң" оюнда сыноого кадам таштайт.

Sputnik агенттигинин кабарчысы Лев Рыжков Кыргызстандын КВН оюнчусу менен байланышты. Бир убакта ал сахнада айтылчу номерлерди жазып, КВНге өлкө курамасынын атынан сахнага чыгып жүргөн. Азыр Василий — "Кухня" аттуу белгилүү сериалдын авторлорунун бири, көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору. Алардын бири "Disney" компаниясы менен бирге тартылган "Последний герой" аттуу фильм жакында экранга чыгат.

Уйкусуз түндөр, достук, экстрим

— Сиз КВНде канча жыл ойнодуңуз?
— 10 жылга жакын жүрдүм, 10 жылдан бери ойногон жокмун.

— Сахнага чыгуу алдында далай уйкусуз түндөрдү өткөрсөңүз керек?
— Кавээнчилер үчүн уйкусуз түндөр кадимки көрүнүш болуп калат. Кээде кыска убакыт аралыгында программа түзүүгө туура келет. Өзгөчө редакторлор кайсы бир конкурсту кесип салышканда кайрадан идея ойлоп табууга, аны коюуга жана даряданууга мажбур болуп калабыз. Албетте, анын баары уйкусуз түндө жасалат.

— Эң күчтүү атаандашыңызды эстей аласызбы?
— Жок, азыр эстей албайм, анткени жыл өткөн сайын баары өчөт, анан бир гана жакшы учурлар эсте калат экен. Чынын айтсам, КВНде атаандаштыкты сезчү эмесмин. Менин эң башкы душманым — өзүмдүн жалкоолугум болчу. Ал эми ким менен атаандашканым эсимде жок. Жалпысынан алганда бул достук мелдештер болчу. КВНде адамдар достошот.

— Кайсы команданын мүчөлөрү менен дос болдуңуз эле?

Полуфинал региональной лиги КВН Ала-Тоо в филармонии имени Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Конституция тууралуу тамашалар — "Азия MIX" командасынын катышуусу менен КВН өттү
— Кандайдыр бир мааниде биздин досторубуз Россиянын эл достугу университетинин командасындагы балдар болду. Алар КВН учурунда бизге телеберүүдө иштөөнү сунушташкан. Баары менен эле жакшы мамиледе болчубуз. Мисалы, Челябинскиге келдик. Ал жерде жергиликтүү командалар ойнойт. Биз алар менен тил табышып, алар менен фестивалдарда жолукканда кубанаар элек. Баарын дос катары кабыл аласың. Ар бир жолугушуу жагымдуу.

— КВН жер-жерлерди кыдыруу менен байланыштуу. Эң экстремалдуу саякатыңыз эсиңиздеби?
— Бул саякат жаңылбасам 2005-жылы болгон. Биз Бишкектен Сочиге бара жатканбыз. Кыргызстан курамасынын бюджети ал учурда анчалык деле эмес болчу. Биз поездде бара жатканбыз. Кыш мезгили эле. Бул эң экстремалдуу саякат болгон. Үч жарым күн бою поездде болдук. Эшиги улам ачылып-жабылып тургандыктан ажатканасынын муздагын айтпа, жөн эле музга айланып калган эле. Эсимде калыптыр.

Ойноп-күлүп жашаш керек

— Сиз КВНдин эмнесине ыраазысыз?

Ак-Өргө City командасында ойноп Акылайдын образын мыкты жараткан Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Тамашоучу "Акылай" — Самат Эркинбеков: кайрылгандарга ийне сайып да берем
— Биринчиден, бул оюн мени өзүмдүн кесибиме алып келгенине ыраазымын. Азыр профессионалдык түрдө сценарийлерди жазам, кинопродукция менен алектенем. Эгер КВН болбогондо, кавээнчилердин достук мамилеси болбогондо мен телеберүүгө эч качан келмек эмесмин.

Экинчиден, бул менин жаштыгым, мектептеги жана окуу жайдагы эң кызыктуу убакыт. Оюн менен байланыштуу көп жагымдуу эскерүүлөр бар.

Үчүнчүдөн, албетте, достор. Менин досторумдун көпчүлүгү КВН менен байланыштуу. Жубайыма дагы фестивалдардын биринде кезиккем. Оюнга ыраазычылык билдирүүгө себептер көп.

— Сиздин жубайыңыз башка командада ойночу беле?

— Ооба. Казакстан медициналык университети үчүн ойночу. "Тет-а-тет" деген команда бар болчу. Биз ошентип сахна артында таанышып калганбыз. Чынында көп үй-бүлөлөр кайсы бир тармакта иштеп жүрүп, жалпы кызыкчылыктарга ээ болуп калгандыктан баш кошушат.

— Жаңы баштаган кавээнчилерге кандай кеңеш бересиз?

— Жаш жазуучуларга "Жакшы жазуу үчүн ар дайым жазуу керек" деп кеңеш беришет. Жакшы ойноо үчүн жөн гана ойнош керек. Мен эмне жакса ошону менен алектенүүгө кеңеш берем. Ошондо жашоо ойдогудай болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0