БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-9-ноябрында Баялинов, Малина, Федоров көчөлөрү жана Чоң Чүй каналынын чектешкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу ОсОО "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, газ берүү оңдоо иштеринен улам убактылуу токтотулат.