БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы Сүйөркулов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда ишкана капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө 16 миллион 470 миң 474 сом сарптоону пландап жатат.
Тендерди уткан компания Сүйөркулов көчөсүнүн Карл Маркс көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн келерки жылдын 1-майына чейин бүтүрүүсү керек.
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 23-ноябрда аяктайт.