БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Минскиге иш сапары менен учуп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы бейшемби күнү Минскиге барып, эртеси Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши менен КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына катышат.
Анда Евразия экономикалык биримдигинин курамындагы мамлекеттердин кызматташуусу боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков эки тараптуу жолугушууларды дагы өткөрөт.
Кыргызстандын делегациясынын курамында вице-премьер Олег Панкратов, транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КРдин Белоруссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана башкалар бар.