БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. КР өкмөтү "Терабалт" гамма-терапевдик аппаратын оңдоого Улуттук онкология борборуна 500 миң сом бөлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Вице-премьердин милдетин аткаруучу Гүлмира Кудайбердиева жана КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык гуманитардык кызматташуу фондунун башкармалыгын башчысы Михаил Швыдкой Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмү менен 26-октябрда таанышкан.
КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын Бишкекте өтүп жаткан XI форумунун алкагында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө кайрымдуулук кылуу демилгеси көтөрүлдү. Швыдкой балдар бөлүмүнө дары-дармек берди. Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин жаш сүрөтчүлөрүнүн сүрөттөрү да тапшырылды.
Кудайбердиева өкмөттүн атынан Улуттук онкология борборуна 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Бөлүнгөн каражат "Терабалт" гамма-терапевтик аппаратты оңдоого жумшалат. Ал 2008-жылы орнотулган. Бир суткада бул аппараттан 180дей бейтап нур менен дарыланат. 2016-жылы октябрда ал иштен чыгып, оңдоо үчүн Чехиядан адистер чакырылган.