БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсү автомашиналар үчүн убактылуу жабылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жукеев-Пудовкин жолунун Жантөшев көчөсүнөн Суванбердиев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылган.
"№120 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылуулук трассасында болгон авариялык абалдан улам убактылуу чектөө киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардык муниципалитет кечирим сурайт.