"Ата Мекен" Сасыкбаеванын талапкерлигин министрлик кызматка көрсөттү

© Фото / пресс-служба ЖК КРВице-спикер Асия Сасыкбаева
Вице-спикер Асия Сасыкбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НовостиTelegram
Аталган кызматты Кудайберген Базарбаев ээлеп, мындан он күн мурун өз ыктыяры менен кеткен.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы Асия Сасыкбаеванын талапкерлигин Социалдык өнүгүү жана эмгек министри кызматына көрсөтүп жатканын аталган фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, аталган кызматты ээлеп келген Кудайберген Базарбаев андан 11-октябрда бошотулган. Экс-чиновник жумушунан өз ыктыяры менен кетип жатканын айткан.

"Ата Мекен" фракциясы мындай чечим парламенттик көпчүлүктүн коалициялык макулдашуусуна ылайык кабыл алынганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0