00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Гезиттеги кеп. Атамбаевдин ашынган байлыгы, курал-жарак саткан шопурлар

© Sputnik / Расул Усеналиев"Жаңы Ордо" гезити 14-октябрда чыккан санында Коргоо комитетинин жетекчисинин айдоочусу АКС-74 маркасындагы үч даана Калашников автоматтарын сатып жаткан жеринен кармалганын жазды.
Жаңы Ордо гезити 14-октябрда чыккан санында Коргоо комитетинин жетекчисинин айдоочусу АКС-74 маркасындагы үч даана Калашников автоматтарын сатып жаткан жеринен кармалганын жазды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерге абай салып, жума сайын гезит-журналдарды барактайбыз. Айың кептер тууралуу каармандар же алардын жакындары эмне дейт.

Атамбаев ашынган байбы…

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2,5 миллиард доллар байлыгы бар экенин, 100 тонна баалуу металл наркы 5 миллиард доллар деп бааланган Жерүй алтын кенин Россияга 100 миллион долларга сатып жибергенин Түркиянын siyasetcafe сайты жазды. 

"Болгону 5 миллион кыргыз жашаган Кыргызстандын Кытайга эле болгон карызы 2,5 миллиард долларды түзөт. Ал эми өлкө башчысы Атамбаевдин жеке байлыгы 2,5 миллиард долларды чапчыры айтылууда. Атамбаев Кыргызстандын эли жакыр жашап жатканына карабай 100 тонна баалуу металл камтылган наркы 5 миллиард доллар деп бааланган Жерүй алтын кенин Россияга 100 миллион долларга сатып жиберген", — деп жазат аталган гезит.

КР президентинин аппаратынан бул маалыматтар имишке гана таянып жазылганын билдиришти.

"Бул ушактын гана негизинде жазылган маалымат", — деп президенттин аппаратынан маалымдашты.

Шопурлардын заманыбы?

"Жаңы Ордо" гезити 14-октябрда чыккан санында Коргоо комитетинин жетекчисинин айдоочусу АКС-74 маркасындагы үч даана Калашников автоматтарын сатып жаткан жеринен кармалганын жазды.

"Комитет жетекчиси генерал-майор Марат Кенжесариевдин айдоочусу ОПГ өкүлдөрүнө АК-74 маркасындагы үч даана Калашников автоматын пулдап жаткан жеринен колго түшүп берди. Армияны жетектеген генералды нары-бери зуулдатып ташып жүргөн неменин үйүнөн да мыйзамсыз курал-жарактар, ок-дарылар табылып жатканы нени каңкуулайт. Деги бул ишке генералдын аралыштыгы жокпу? Жогор жаткан кимдир бирөө көзөмөлдөбөсө, шоопур адам өзү билип эле армияга тиешелүү болгон автоматтарды сатууга духу жетип, кайдан жол тапты?" — деп суроо салат аталган гезит.

Гезит бетинен тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Гезиттеги кеп: Атамбаев менен Текебаевди элдештирчү Акун, депутат болчу Рысалиев
КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Майрамбек Мусиев мамкомитеттин кызматкерин кармоо болгонун тастыктады. Бирок кармалган жаран комитет башчысы Марат Кенжесариевдин жеке айдоочусу эместигин билдирди.

"Негизинин кармоо фактысы болгон. Азыр тергөө жүрүп жатат. Кармалган жаран Кенжесариевдин жеке айдоочусу эмес. Биздин аскер бөлүктө жетекчилерди ташыган бир нече айдоочу бар", — деди Мусиев.

Ал ошондой эле кармалган айдоочуну Кенжесариев жумушка албаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0