00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ата-энесинин өлүмү үчүн өч алам деп бычак урган баланын баш коргоо чарасы бүгүн каралат

Жазылуу
Кармалган жаран милицияга мындай кадамга биринчиден, мас болуп баргандыгын, экинчиден, өч алуу максатында жасагандыгын айткан.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы дүкөндөрдүн жанында отурган жергиликтүү тургунга кол салып, колуна, ичине эки, табарсыгына эки ирет бычак уруп, учурда шаардык убактылуу кармоо жайында отурган адамдын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков кабарлады.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: аялы тууралуу ушак тараткан деп 18 жаштагы кызды жездеси мууздап кеткен
Окуя 13-октябрда аталган шаардын Черемушка кичи районундагы дүкөндөрдүн жанында болгон.

Милициянын маалыматында күйөөсүнө капыстан кол салганда болушкан аял да тепкиге кабылып, окуяга күбө болгон майып адам ур-соккуга алынгандыгы айтылат.

Окуя болгон жерге келген Кайгуул милициясынын кызматкерлери аны шаардык ИИБге алып келгенде, ал мындай кадамга биринчиден, мас болуп баргандыгын, экинчиден, өч алуу максатында жасаганын айткан.

"Тагыраагы 2015-жылдын 20-декабрында Ош шаарында автокырсык катталып, анда бир аял жана эркек киши каза болгон. Ал бала "өлгөндөр менин ата-энем, рулда азыркы киши отурган, мен өч алдым деп айткан", — деп билдирди Сыдыков.

Ал дароо Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

"Бүгүн түштөн кийин убактылуу кармоо жайында отурганына 48 саат болот, түштөн кийин анын баш коргоо чарасын өзгөртүү же өзгөртпөө үчүн Ош шаардык сотуна алып барабыз", — деди Ош шаардык ИИБ өкүлү.

Бул боюнча Кылмыш Кодексинин 104-беренесинин негизинде ("Денеге атайылап оор залал келтирүү") кылмыш иши козголгон.

Алматы атышуудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматыда кандуу калаба уюштурган киши полицияны өч алуу үчүн өлтүргөн
"Ал эми бычак жеген жабырлануучунун абалы оор, учурда ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат", — деди Сыдыков.

Маалыматтарда ал адамдар кошуна экени, көп кабаттуу бир үйдө жашай турганы айтылат.

ИИМ өкүлү шектүү катары кармалган баланын айткандары атайын органдар тарабынан иликтене тургандыгын билдирди. 

Сыдыков жабырлануучунун абалы оор болгондуктан, азыр көрсөтмө алууга мүмкүн болбой жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0