БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектин "Беш-Сары" спорт комплексинде джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтө турганын аталган спорттун федерация президенти, Азия чемпиону Самарбек Сабыржан уулу билдирди.
Биринчилик 15-16-октябрь күндөрүнө белгиленген. Самарбек Сабыржан уулунун айтымында, чемпионатка 400дөй киши катышканы турат.
Өлкө биринчилигинде 7 жаштан жогорку курактагы балдар менен бирге 18 жаштан жогорку чоңдор да ат салышат.
Ички чемпионаттын жеңүүчүлөрү 23-28-ноябрда Варшавада өтө турган эл аралык турнирге катышуу үчүн жолдомого ээ болот. Федерация президенти ага болжол менен 20дай спортчу катыша турганын кошумчалады.