БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эртең жума күнү Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Бишкекте түнкүсүн 1…3, күндүз 4…6 градус жылуу болот. Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 12…14 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Ал эми калган аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.