БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге суук тийип, дарыланып жатканын Sputnik Казакстан Акорданын маалымат кызматына таянуу менен билдирди.
Бейшемби күнү, 13-октябрда Назарбаев Серж Саргсяндын чакыруусу менен Арменияга барууну пландаштырып жатат.
Өлкө башчынын дарылануусу канчага созулары азырынча белгисиз.