БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө беш саатка муздак суу берилбей турганын мэриядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, суу эртең менен саат 9:00дөн тарта токтотулат.
"Суу берүү Лев Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский жана "Ак-Өргө" жаңы конушунда токтотулат. Ошондой эле Ак-Ордо жаңы конушу, Дыйканчылык институту, №55 орто мектеп, Ленин райондук аскерий комиссариат, №5 мончодо токтотулат", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкексууканал" ишканасы мындай кадам суу түтүктөрүнө жасала турган оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирет.