БИШКЕК, 8-окт. —Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9-10-октябрь күндөрү Ош менен Кара-Суу шаарларынын айрым бөлүгүндө газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең саат 8ден кечки 5ке чейин Оштун Айтиев, Курманжан датка, Ленин, Амир Тимур жана Пахта-Абад көчөлөрү менен чектешкен аймагында, ал эми 10-октябрда Кара-Суу шаарында көгүлтүр от берүү токтотулат.
Ишкана мындай кадам газ куурларындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жатканын кошумчалады.