БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Баткен аймагында эртең менен кубаты үч баллга жеткен жер силкинди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Чуңкур-Кыштак жана Алга айылдарынан батышты көздөй 8 чакырым, ал эми Шуран кыштагынан 13 чакырым аралыкта болгону айтылат.
Чуңкур-Кыштак жана Алгада үч, ал эми Шуранда 2,5 баллдын тегерегинде сезилген.
ӨКМ кыйроолор болбогондугун жана адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирди.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>