00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Матрезервдеги курттаган ундун чоо-жайы. Айыптоону четке каккан жетекчи менен ашпозчу

© Sputnik / Павел ЛисицынКампадагы ун, архивдик сүрөт
Кампадагы ун, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкекте жарыш жыйын өттү. Депутат Жыргалбек Турускулов курттаган ун коомчулукка сатылып кеткенин айтса, Материалдык резервдер фондунун жетекчиси айыптоону четке какты.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik, Айида Батырбекова. Депутат Жыргалбек Турускулов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду курттаган унду сатып жаткандыгын жеке иликтөөгө алып, бир катар далилдерди тапкандыгын билдирди. 

Буга чейин депутат Sputnik Кыргызстан агенттигине Матрезервде сакталган 500гө жакын тонна ундун курттап кеткенин билдирген. Анын 430га жакын тоннасы карыялар үйүнө, нан жапкан жерлерге жана түрмөлөргө сатылгандыгын ырастаганы менен жүйөлүү далилдерди келтирүүдөн карманган. 

Ал эми бүгүнкү өткөн маалымат жыйында депутат далил катары видео жазылманы журналисттерге таркатып берди. 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Премьер материалдык резервдер фондусунун жетекчисине сөгүш берди
"Борбордогу кесиптик окуу жайларынын бирине Матрезерв тарабынан сатылган унду Санэпидемстанцияга анализге жөнөттүм. Натыйжада ал жактан "ун курттаган, аны менен азыктанууга тыюу салынат" деген тыянак чыгарылды. Кызыгы 28-сентябрда Матрезерв фондусунун лаборатория башчысы буга чейин текшерүүгө жиберилген ун менен кумшекерди эң жогорку сапатта деген чечим чыгарып берген эле. Жалган айткан лаборатория башчысын жоопко тартыш керек", — деп билдирди депутат. 

Атын атагысы келбеген депутаттын жардамчысы курттаган ун тууралуу видео кандайча тартылып калгандыгын айтып берди. 

"Бишкектеги №5 кесиптик окуу жай Матрезервден ун сатып алган экен. Ал жакты текшерип көрөлү деп капысынан барганбыз. Жыйылып турган каптардын сыртында Матрезервдин уну деп бакыйып жазылып туруптур. Аны элеп алып анализге жибердик. Натыйжада биринчи каптан көп курт чыкты деген тыянак берилди. Видеону мен өзүм соткага эле тартып алгам", — дейт депутаттын жардамчысы. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин маектеши далил катары лаборатория чыгарган анализдин жыйынтыгынын көчүрмөсүн берди. 

© Фото / Гулзада ШаршеналиеваАнализдин жыйынтыгы
Анализдин жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
Анализдин жыйынтыгы

Ал эми №5 кесиптик окуу жайдын директору Айдар Айтмурзаев Матрезервден ун сатылып алынганын Sputnik агенттигине ырастады. 

"Ун 20-сентябрга жакын сатылып алынган. Көрүнүшү жакшы эле болчу. Эми унду анализге алып кетишти, жыйынтыгы чыккандан кийин комментарий берейин", — деди Айтмурзаев. 

Кой сойгон касапчы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Абулгазиев: үйдө союлган малдын эти базарга киргизилбеши керек
Ал эми ушул эле кесиптик окуу жайдын ашпозчусу Гүлзада Усеналиева унда эч кандай курт жок экенин айтты. 

"Ундан эч кандай курт чыккан эмес. Эмнеге эле ызы-чууга түшүп жатышат, билбейм. Унду дайыма элеп колдонобуз. Бир эле жолу ватага окшош бир нерсе чыккан, куртту байкаган жокпуз", — деди Усеналиева. 

Ушул эле күнү депутат менен жарыша Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчиси Жоомартбек Жумабеков маалымат жыйынын өткөрүп депутаттын айыптоолорун четке какты. 

"Бизде ундун сапатын тастыктаган сертификат бар. Аны Санэпидемстанция менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы лаборатория чыгарып берген. Буга ылайык ун курттабаганын расмий түрдө айта алабыз. Өкмөт курттап кеткен унду мамлекетке киргизбейт", — деп билдирди Жумабеков. 

Учурда маселени иликтөө үчүн комиссия түзүлүп текшерүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0