Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде эки тепкич көтөрүлүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын курама командасынын футболчуларынын архивдик сүрөтү
Кыргызстандын курама командасынын футболчуларынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук курама апрелдеги рейтингде эң мыкты көрсөткүч катары 100-орунга көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Football-rankings.info сайты FIFA уюмунун октябрдагы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы эки тепкич өйдө көтөрүлүп, 106-орунга чыгат деп божомолдоп жатат.

Бишкектик Дордой курама командасы оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Дордой" Кыргызстанда футбол кубогун алуу боюнча рекорд койду
Улуттук курама 7-апрелдеги FIFA рейтингинде 100-орунга чыгып, эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн. Май айында бул позициясын сактап калган. Июнда 111-орунга түшкөн. Андан кийин курама команда өз абалын жакшырта алган эмес. Сентябрдагы жыйынтык боюнча 108-орунга татыган.

Сайттын аналиктеринин божомолунда (кезектеги рейтинг 20-сентябрда жаңыланат) жаңыланган рейтингде КРдин курама командасы эки тепкич өйдөлөп, 106-орунга татыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0