БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Москвадагы кампалардын биринде чыккан өрт менен алышып жатып каза болгон сегиз куткаруучунун сөөгү табылгандыгын ӨКМдин оперативдик штабынан кабарлашты.
Бейшемби күнү Россиянын борбор калаасында желимден жасалган каражаттар сакталган кампада өрт чыкты. Аны өчүрүүгө 160 куткаруучу менен 46 даана техника тартылган. Жалын төрт миң чарчы метр аянтты жалмап, имараттын шыбы урап калган.
"Куткаруучулардын денеси болжолдонуп жаткан жерлерден табылды", — деп билдирди агенттиктин маектеши.
Россиянын ӨКМнин маалыматына караганда курман болгондор имараттын чатырында иштеп жатышкан. Алар өрт чыккан жерге биринчилерден болуп келип, кампанын 100гө чукул кызматкерин ажал оозунан алып калган. Мындан тышкары, имараттын төбөсү урап баштаганда куткаруучулар кесиптештерин оттун очогунда кулабашы үчүн четке түртүп жиберүүгө жетишишкен.