Сабыр Жумабеков: кырсыкка кабылган кыздын колу жанчылып калыптыр
"Бирөө жаш кыз экен, бир жак колу жанчылып, билектен өйдө жактагы кан тамырлары үзүлүп, жарабай калыптыр. Хирургдар менен кеңешип, колун ампутация кылдык. Эттери жанчылган жети адам медициналык жардам алып, өз каалоосу менен үйүнө кетти. Жаракат алган дагы экөөнү өзүбүздүн бөлүмдөргө жаткырдык",— деди Жумабеков.
Түндө Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө "Форум" деп аталган имаратынын жанында жүргүнчүсү менен бара жаткан №138 маршруттук унаа ала салып, бир нече киши жабыркаган.