БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүнкү пленардык жыйын учурундагы добуш берүүдө депутаттарды уктабоого чакырды.
Спикер бул пикирин парламенттин күн тартибине коюлган мыйзам долбоорлору каралып бүткөн соң добуш берүү учурунда билдирди.
"Урматтуу депутаттар, уктабаңыздар. Добуш берүү жүрүп жатат", — деди Турсунбеков.
Добуш берүү жыйынтыкталган соң парламентарийлер иш күнүн жыйынтыктады.