БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Белгилүү актер Жим Керринин мурдагы сүйлөшкөн кызынын жолдошу аялынын өлүмүнө Голливуд жылдызын айыптап жаткандыгы тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Бир жыл мурун полиция кызматкерлери аялдын денесин Лос-Анжелестеги өзүнүн үйүнөн тапкан. Маркум өлчөмүнөн көп дары ичип алып каза табышы мүмкүн деп болжолдонот. Жалпыга маалымдоо каражаттары болсо аял өлөрүнөн бир саат мурун Керри экөө мамилелерин үзгөнүн жазып чыккан. Ал учурда маркум Бертондун мыйзамдуу жубайы болгон.
Бертондун айтымында, Керри перкосет, амбиен жана пропранолол деген препараттар адамды депрессияга түшүрүп, кийин суицидге алып келе турганын билип туруп сүйлөшкөн кызына берип турган.
Доочу Голливуд жылдызы өз күнөөсүн билдирбеш үчүн сүйлөшкөн кызы анын дарыларын уурдап кеткенин билдиргенин айтып чыкты.