"Каратегинден кат" тасмасы Ошто көрсөтүлмөй болду

© AFP / MARTIN BUREAU Кинопленка, архивдик сүрөт
Кинопленка, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманы Кыргызстандын "Чагалдак филмз" жана Франциянын "Cinedoc" киностудиялары биргелешип тарткан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ош шаарында 21-сентябрда журналист, документалист Жаңыл Жусупжан тарткан "Каратегинден кат" аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу режиссер өзү билдирди. 

Иш-чарага Жаңыл Жусупжан менен бирге франциялык продюсер келип катышып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берет.

Оскар сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы "Оскарга" көрсөтүлөт
Тажикстандагы Жерге-Тал жана Мургаб райондорун байырлаган кыргыздар, аймактын табияты жана кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы мамиле, Ата Журтка болгон сагыныч тууралуу баяндаган тасма эки жылдан ашуун убакытта тартылып, узактыгы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. 

"Каратегинден кат" тасмасын Кыргызстандын "Чагалдак филмз" жана Франциянын "Cinedoc" киностудиялары биргелешип тарткан. 

Тасманын бет ачары Бишкек шаарында 9-апрель күнү өткөн. 

Жерге-Тал менен Мургаб райондору Тажикстандын кыргыздар көп жашаган аймагы катары белгилүү. Бул аймак Каратегин деп да аталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0