00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:55
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:00
4 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ 10 жыл аралыгында алдына койгон негизги 4 интеграциялык багыттарын ишке ашыра алды. Министр менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Как привести себя в форму после новогодних застолий - советы нутрициолога
16:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
Зор тажырыйба топтоп, мыкты мотивация менен кайтып келдим – “Витебск-2025” сынагынын байге ээси Рыскелди Старбеков менен маек
17:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Политические итоги года: выборы в ЖК, саммит ОДКБ, решение вопросов границ
18:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Экономикалык панорама
Акча кантип пайда болгон? Акчанын пайда болуу тарыхы жана жүгүртүү механизмдери тууралуу
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Особый акцент
Обязательное страхование работников: что требует закон на практике - разъясняет юрист
20:09
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ 10 жыл аралыгында алдына койгон негизги 4 интеграциялык багыттарын ишке ашыра алды. Министр менен маек
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ата керээзи" тасмасы "Оскарга" көрсөтүлөт

© AFP / GABRIEL BOUYS Оскар сыйлыгы. Архив
Оскар сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулуна таандык "Ата керээзи" тасмасы Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган тасманын продюсерлеринин бири Талант Төлөбеков билдирди.

Анын айтымында, тасма Монреалдагы кинофестивалда "Алтын зенит" жеңип алгандан кийин бир топ чакыруулар түшө баштаган. Биринчилерден болуп аталган фильм Садык Шер-Нияз негиздеген Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival кинофестивалына катышмакчы. 

"Монреалдагы сынакта тасманын жеңүүчү болушу анын автоматтык түрдө "Оскарга" көрсөтүлүүсүнө жол ачат. Мындан тышкары, Кыргызстандагы атайын комитет да бул аракетти колдоп жатат. Буюрса, "Мыкты чет элдик тасма" номинациясында ат салышабыз", — деди Төлөбеков. 

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Асман алдында" тасмасы Италия менен Кытайдагы фестивалга чакырылды
Продюсер учурда тасманын техникалык мүчүлүштүктөрү оңдолуп, даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, октябрдын башында тасма "Оскар" сыйлыгынын комиссиясынын кароосуна жөнөтүлүп, жыйынтыгы жаңы жылга чейин чыкмакчы.

Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.

Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргызстанга алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын күбөсү болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей арсар ойго батат.

Жаңылыктар түрмөгү
0