Иззат Артыков: учурда Бишкекте батирде жашайм, үйлүү болгонума кубанып жатам

© REUTERS / Yves HermanОор атлетчи Иззат Артыков. Архив
Оор атлетчи Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор атлетчи эки бөлмөлүү батирге ээ болду. Ал жаңы төрөлгөн кызы Баянды да келечекте спортко берерин айтты.
Балбак Түлөбаев: Иззат Артыков биз үчүн баары бир чемпион!

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Учурда Бишкекте батирде турган оор атлетчи Иззат Артыков үйлүү болгонуна абдан кубанып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди. 

Анын айтымында, эмне белек берилерин ал акырына чейин билген эмес. 

"Эки бөлмөлүү батир экенин белек тапшыруу аземине келгенде гана билдим. Учурда абдан кубанып жатам. Бишкекте өзүмдүн үйүм жок болгондуктан батирде туруп келем", — деп билдирди спортчу. 

Ал ошондой эле берилген үй белек болгондуктан, аны сатпай ошол жерде жашай тургандыгын кошумчалады. 

Спортчу Олимпиадалык оюндарда байгелүү орунга илинип, кайра медалын тарттырып ийген жагымсыз көрүнүштөрдөн көңүлү калып чөгүп калбастан, машыгуусун улантып, кийин кызы Баянды дагы спортко берерин айтты. 

Белгилей кетсек, бүгүн 19-сентябрь күнү "Аю" компаниясы спортчуга Көк-Жар конушунан эки бөлмөлүү батир белекке берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0