БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Оор атлетчи Иззат Артыковго бүгүн, 19-сентябрь күнү "Аю" компаниясы тарабынан эки бөлмөлүү үй тапшырылды.
Аталган компаниянын вице-президенти Балбак Түлөбаевдин айтымында, батирдин баасы беш миллион сомду чапчыйт.
"Иззат Артыков биз үчүн баары бир чемпион. Ал кыргыздын желегин көтөрө алды. Бирок Олимпиадалык оюндар саясатташып кеткендиктен медалдан айрылып калдык. Келечекте Иззаттан далай байгелерди күтөбүз. Ошон үчүн спортчуга мотивация катары батир берүүнү чечтик", — деп билдирди Түлөбаев.
Анын айтымына караганда батир Көк-Жар жаңы конушунда "Аю курулуш" компаниясы тарабынан салынып жаткан тогуз кабаттуу "Сары Челек" комплексинен берилди. Түлөбаев көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери жаңы жылга жакын бүткөрүлө турганын кошумчалады.