Казакстандын президенти Назарбаев Каримовдун мүрзөсүнө барып куран түшүрдү

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүИслам Каримовдун портретинин жанына койулган гүлдөр.
Ислам Каримовдун портретинин жанына койулган гүлдөр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин Самаркандга келип, Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюп кеткен.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маркум Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барып куран окуду. Бул тууралуу Новости-Казакстан UzReport агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында каза болуп, анын сөөгү Самаркандга коюлган. Учурда өлкө башчынын милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиеев аткарууда.

"Нурсултан Назарбаев маркум Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барып куран түшүрдү. Андан соң учурда өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиеев менен жолукту", — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Россия президенти Владимир Путин Самаркандга келип, Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0